20:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эрте никеге тургандардын ата-энесинин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда

Кыздарын эрте турмушка берген ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо керек. Бул тууралуу «Кыздардын укуктарын коргоо» аталышындагы жыйында КСД фракциясынан депутат Карамат Орозова билдирди.

Анын айтымында, ала качуу, эрте никеге туруу маселесин мыйзам аркылуу гана чечүүгө мүмкүн эмес.

«Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна жол бербөө зарыл. Алар үй бүлө курууга даяр эмес. Балдар үйүндө майыптардын көбү эрте никеге тургандардын балдарды. Андыктан Үй бүлө кодексине эрте никеге тургандардын ата-энесин жоопкерчиликке тартуу тууралуу өзгөртүү киргизүү зарыл», — деди Карамат Орозова.

Эң көп окулган жаңылыктар