10:04
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

500дөн ашуун ата-эне майып балдарды социалдаштыруу жөндөмдөрүн үйрөнүшөт

Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында майыптыгы бар балдардын 540 ата-энеси аларды социалдаштыруу көндүмдөрүнө окутулат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ата-энелерди агартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин реабилитациялоонун негиздерине окутуу» долбоорун  «Бирге ден соолукка» коомдук фонду жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети ишке ашырууда.

Республиканын бардык аймактарынан келген ата-энелер эне менен баланын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн зарыл болгон психологиялык-педагогикалык агартуу жаатында керектүү билимдерди алышы пландаштырылууда.

Жаңыл Алыбаеванын айтымында, мамлекеттик социалдык заказдын алкагында министрлик калктын аярлуу катмарына, анын ичинде майыптыгы бар балдарга кошумча социалдык кызматтарды көрсөтөт.

«Эгерде былтыр социалдык маанилүү долбоорлорго республикалык бюджеттен 37 миллион сом бөлүнсө, быйыл 48,7 миллион сом болду. 47 борбор колдоого алынып, 20 жаңы борбор түзүлүп, алар майыптыгы бар адамдарга, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга ар кандай кызматтарды көрсөтүшөт», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар