22:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткенде Нооруз күнү эки бала дайынсыз жоголду

Баткенде 21-март күнү Ноорузду майрамдоо үчүн үйүнөн чыгып кеткен эки бала кайрылып келген жок. Бул тууралу Баткен шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11 жашар Азизбек Мамытовдун жана 12 жашар Адилет Полотовдун кайда жүргөнү белгисиз. 21-март күнү, эртең мененки 9:00 чамасында балдар майрамдоо үчүн үйдөн чогу чыгып кеткен. Бирок кайтып келишкен эмес.

Өзгөчө белгилери: А. Мамытовдун бою 100-110 см, чачы кара, ак жуумал. Ошол күнү көк түстөгү көйнөк, ак түстөгү джемпер жана кара спорт бут кийимин кийип алган.

А. Полотовдун бою 100-105 см, чачы кара. Ал ак түстөгү кофта, бутуна спорт бут кийимин кийип жүргөн.

Балдарды көрүп билгендер болсо төмөнкү телефон номерине чалып коюуну суранышат: 0772 102031, 0772 561942, 0772 421060.

Эң көп окулган жаңылыктар