Талас районунда Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунда улакчылардын бири аттан жыгылып каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Майрамдык көк бөрү оюну 21-мартта Кууганды айыл аймагында өткөн. Улак тартыш учурунда 1986-жылы туулган Үч-Эмчек айылынын У. уулу Н. аттуу тургуну аттан жыгылган.
Алган жараты оор болгондуктан, ал ооруканага жетпей көз жумган. Маркумдун артында жубайы жана балдары калды.
Эскерте кетсек, 21- мартта Кара-Көлдө дагы көк бөрү оюну учурунда 36 жаштагы улакчы аттан жыгылып, эсин жоготкон. Ал ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер улакчы баш сөөгүнөн жарат алып, төш сөөктөрү жабыркаганын айткан.