12:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кара-Көл шаарында оюн учурунда улакчы аттан жыгылып, эсин жоготту

21- мартта Кара-Көлдө көк бөрү оюну учурунда 36 жаштагы улакчы аттан жыгылып, эсин жоготту. Бул тууралуу аймактык ооруканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Б.А. аттуу жаран тай казанды көздөй чаптырып келе жатып, аттан жыгылган. Ал ошол жерден эсин жоготуп койгон. Болжол менен саат 15:30 чамасында ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер улакчы баш сөөгүнөн жарат алып, төш сөөктөрү жабыркаганын айткан. Оюнчу ооруканага жатуудан баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар