16:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Баатырбектин бетиндеги рак клеткаларынын 95% тоңдурулду, ал жардамга муктаж

Индияда дарыланып жүргөн Баатырбек Баназаров 21-март күнү Кыргызстанга кайтып келет. Ал рак орусуна кабылып, бетинин бир бөлүгүнөн айрылган. Бул тууралуу аны жандап барган дарыгер Азамат Кошалиев билдирди.

Баатырбек Баназаров Индиядан дарылануунун биринчи этабынан өткөн. Экинчи этабы үчүн беш миң доллар каражат жетпей калган.

«Бизде андай сумма жок болгондуктан, дарыланууну Бишкектен улантууну чечтик. Криотерапия боюнча анализдердин жыйынтыгы даяр. Индия дарыгерлери рак клеткаларынын 95 пайызы тоңдурулганын айтты. Дарылануу канчалык деңгээлде ийгиликтүү болгонун убакыт көрсөтөт. Калган беш пайызын дарылоо үчүн керектүү дары-дармектерди сатып алдык. Бишкекте химиотерапия улантылат», — деди Азамат Кошалиев.

Баатырбек Баназаровго пластикалык операция жасалмак. Бирок Индияда медициналык тейлөө кымбат болгондуктан Кыргызстанга кайтууну чечтик. Бишкекте дагы дарылоо ийгиликтүү аяктаарына ишенем«, — деп кошумчалады Кошалиев.

Эскерте кетсек, Баатырбек Баназаровдун үй бүлөсү начар турмушта жашайт. Андыктан Баатырбек Баназаров каржылык колдоого муктаж.

Каражатты төмөнкү номерге которсо болот, «Элсом»: 0700 265 295.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби