11:52
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Сирияда футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыялоону өтүнүштү

Сириядагы 20дан ашык коомдук уюм Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франция өкмөттөрүнө кайрылып, Сирияга карата саясатын өзгөртүшү үчүн Москвага футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыяланышы мүмкүндүгү эскертүүгө чакырды.

Алар орус бийлиги Сирия президенти Башар Асадга басым жасап, аны Чыгыш Гутаны бомбалоону токтотууга мажбурлашы керек деп эсептешет.

2013-жылдан бери Чыгыш Гута аймагында 400 миңдей жаран курчоодо турат. Аларга азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана электр жарыгы жетишпейт.

Быйыл февралда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутадагы оппозициялык топторго абадан сокку ура баштаган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордун маалыматтары боюнча, андан бери каза тапкан жайкын тургундардын саны 900дөн ашкан. «Чек арасыз даргерлер» эл аралык уюму курман болгондордун саны миңден ашканын билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар