16:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

16-мартка аба ырайы: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан карга айланат

Эртең, 16-мартта өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө −1...-6° суук, күндүз 0...5° жылуу,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −1° сууктан ...+4° чейин жылуу болсо, күндүз 4...9° жылуу болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −2...-7° суук, күндүз 0...5° жылуу болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −8...-13°, күндүз −1...-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −20...-25°, күндүз −5...-10° суук болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби