20:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБтин мурдагы директору авариянын чыныгы себебин түшүндүрдү

Бишкек жылуулук электр борборунда катталган авариянын чыныгы себеби аны модернизациялоого алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта өткөн маалымат жыйынында ЖЭБдин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

Анын айтымында, кызматтан алуу тууралуу буйрук менен таанышка эмес. Эч ким байланышка чыгып, маалым дагы берген эмес.

"Иликтөө адилетсиз жүргүзүлдү. Эгер авариянын чыныгы себептерин айтсак, ал ЖЭБти модернизациялоого алып келет",- деди ал.

Нурлан Өмүркул уулу Кытай тарабынан берилген насыяга инструменттер жогорку баада сатылып алынганын тастыктады. Маселен, эки жуп аттиш 640 долларга сатылып алынган.

"Модернизациялоого көлөкө түшүрбөө тууралуу жетекчилик оозеки буйрутма берген. Жазуу түрүндө тиркелбеген соң аты-жөнүн айта албайм. Бул тууралуу Эсеп палатасы өзүнүн аудитинде көрсөткөн. Авариянын чыныгы себеби химиялык цехтин курулбай калганында. Алгач күнөөнү насоско жана персоналга оодарып жатышкан. Азып моюндарына алууда",-деди Нурлан Өмүркул уулу.

Эң көп окулган жаңылыктар