Оштун тургуну мектеп жашындагы кызда ала качып кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш жигит кызын күч колдонуу жолу менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткени жазылган.
«Ата-энесинин айтымында, азият улутундагы жигит кызды үйүнүн жанынан уурдап кеткен. Жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 27 жаштагы Оштун тургуну кармалды. Ал 9-класстын окуучусу менен телефон аркылуу таанышып, андан соң ала качып кеткен», — дейт ИИБ.
Аталган факт боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.