23:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өлкөнүн башкы каналы 24 саат бою иштеп баштайт

Коомдук теле-радио компаниясы (КТРК) 24 саат бою иштеп баштайт. Бул тууралуу башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, Нооруз жана КТРКнын 60 жылдыгына майрамына карата 6 ТВ канал тең күнү-түнү иштөөгө өтөт.

«Алардын ичинде «Ала-Тоо24», «Спорт» жана «Музыка» каналдары 24 саат бою иштеп, калган ТВ каналдар түң жарымга чейин иштеп келген. 19- марттан баштап КТРКнын бардык каналдары 24 саат бою иштеп баштайт! Ал эми «Баластан» каналында саат 22.00дөн кийин бешик ырлары, балдарды уйкуга умтулуучу көрсөтүүлөр коюлмакчы» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар