15:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын өкүлү маңзат менен кармалды

Новопокрова айылындагы № 3-жаза өтөө мекемесинин жанынан Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын Күзөт жана конвоирлөө департаментинин Ы.Т. аттуу кызматкери манзат менен кармалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Аны тинтүүгө алган учурда жанынан 941 грамм маңзат табылган. Ы.Т. менен иш алып барган мекеменин дагы бир кызматкери Р.Э. дагы колго түшүрүлгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иш Ысык-Ата райондук ИИБга өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар