03:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип жаш келин кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип жаш келин кармалды. Бул тууралуу ИА «24.kg» агенттигине шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бир нече жерине бычак урулган 25-30 жаш курагындагы аялдын жансыз денеси Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылган. Аталган факт боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган келин кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда сурак берүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар