17:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Депутат Манас көчөсүндөгү 5 гектар жердин кимге сатылганын иликтөөнү талап кылды

Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн жогору жагындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр курчалып, кандайдыр бир курулуш курула баштаптыр. Өкмөт ал жер кимге жана кантып берилгенин иликтеп чыгып, депутаттарга маалымат берүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

«Мен өкмөттүн өкүлүнөн курулуштун жүрүшүн дароо токтотуп, анан иликтөө жүргүзүүнү талап кылам. Ал мамлекеттик трассада жайгашкан жер. Ал жер кимге берилип, бюджетке канча канча каражат түшкөнүн тезинен тастыктоо керек. Эгерде бизнес үчүн берилсе, анда рыноктун баасында бюджетке каражат түшүрүү керек. Жер жок деп жатабыз, ага карабастан, каалагандарга таратып берип жатабыз. Керек болсо, биз дагы депутаттык комиссия түзүп текшерүүгө алабыз» — деди ал.

Депутат Таабалды Тиллаевдин мындай талабын Мирлан Жеенчороев менен Сайдулла Ныщанов баштаган бир катар эл өкүлдөрү да колдошту.

Эң көп окулган жаңылыктар