12:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жаңы окуу жылынан баштап мектептерде «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы киргизилет

Жалпы билим берүү мекемелеринде диндердин тарыхы тууралуу сабакты киргизүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаровдун кол койгону мамлекет башчынын расмий сайтында 8-июнда жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, жаңы окуу жылынан баштап өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы базистик окуу планына киргизилет.

Бул предметтен сабак берген мугалимдер диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок болуусу шарт. Ошондой эле жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты болушу керек.

Кадрлар жетишпеген учурларда тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн тарых мугалимдери жана педагогдор окутса болот. Мугалимдерге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги текшерүү иштерин жүргүзгөн соң окутууга уруксат берилет.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген.

9-класстар үчүн эки чейрекке ылайыкташкан программага бардык диндердин тарыхы камтылып, дин аралык ымаланы бекемдөө максатын көздөгөн.
«Дин маданиятынын тарыхы» китеп басылып чыгарылып, техникалык жана стилистикалык каталардан улам эки ирет бюджеттин эсебинен оңдолуп басылган. Теологдор жана педагогдор бир канча ирет текшеришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар