21:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Суроо-жооп. Менин курбум турмушка чыгыш үчүн хижаб киет

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Менин курбум турмушка чыгыш үчүн хижаб кийди. Жаман кыз эмес, негизи үй-бүлө куруу аракети үчүн да сындабаймын. Бирок, динди алдап жаткан жокпу?

Жооп: Аялзаты исламда бөтөн көздөн алыс болуу үчүн жамынат. Анын тилеги, ою таза болушу шарт. Хижаб кийүү дагы бул кудайга баш ийүү. «Адамдын ниети гана бааланып, ар бир адам өзүнө ылайыктуусун алат» — деп айтылат хадисте.

Андыктан, курбуңуздун ниети түз болуп, максаты убактылуу болбосо, колдоого татыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума