00:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Министрлик кандай үй-бүлөлөргө жөлөкпул берилерин айтты

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөлөкпул ала турган үй-бүлөлөрдүн киреше өлчөмүн бекитти. Үй-бүлөнүн кирешеси ар бир мүчөсүнө 1 миң 420 сомдон ашпаганда гана жөлөкпул ала алышат. Бул тууралуу министр Таалайгүл Исакунова парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы мыйзам долбоору боюнча мурдакы мыйзамдагы «Үй-бүлөгө көмөк», үчүнчү баладан тарта жөлөкпул менен камсыздоо калтырылды. Ал эми «Балага жөлөк», үч жашка чейинки балдардын баарына акча төлөө алынып салынды.

Белгилей кетсек, сүйүнчү пул дагы калат.

Министрлик жөлөк пулду даректүү төлөө ыкмасын кайра кайтарат. Мында үй-бүлө кирешесин аныктоодо жергиликтүү органдарга милдет жүктөлөт. Жөлөкпулдан үнөмдөлгөн акчаны министрлик майып балдар жана алардын ата-энелерин колдоого жумшамакчы.

Эскерте кетсек, «Мамлекеттик жөлөкпул» боюнча мыйзам 2017-жылы кабыл алынып, 2018-жылдын башында күчүнө кирмек. Өкмөт бул тармактагы коррупцияны жоюу үчүн даректүү төлөөнү алып салып, баарына бирдей жөлөкпул берүүнү сунуштаган. Мыйзам кабыл алынгандан кийин эсептер туура эмес болуп калгандыгы, 30 миңден ашык бала колдоосуз калаары айтылып, аткаруу мөөнөтү апрель айына жылдырылган.

Эми министрлик аны аткарууга көп каражат жумшаларын айтып, тез арада жаңы долбоорду кабыл алууну суранууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума