02:38
USD 87.45
EUR 101.46
RUB 1.11

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Орозобек Токтомамбетов күмүш медаль тагынды

Иорданиянын Амман шаарында өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу United World Wrestling сайты билдирди.

74 килограммга чейинки салмакта финалда Казакстандын өкүлүнө 1:2 эсебинде утулуп калды.

Белгилей кетсек, казакстандык Нуркожа Кайпанов 70 килограммга чейинки салмак ченинде учурдагы дүйнө чемпиону.

Буга чейин Орозобек Токтомамбетов Кытай, Түштүк Корея жана Өзбекстандын балбандарын жеңип келген.

Эске салсак, бир күн мурун кыргызстандык Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар