08:25
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Дастан Бекешов: Эртең башка өлкөнүн жаранын президент кылып шайлап албайлы

«Эки жарандыгы бар саясатчыларды кылмыш жазасына тартыш керек»- деп КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат 2011-жылы эле Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, кош жарандыгы бар саясатчыларды жазалоону демилгелеген. Бирок, анда парламент мыйзам долбоорун колдогон эмес.

«2011-2012-жылдары бир нече саясатчылардын кош жарандыгы боюнча кеп болгон. Бешинчи чакырылыштын депутаты Жыргалбек Саматовдун Россиянын жарандыгы аныкталгандан кийин анын мандатын алдык. Бирок, ага төлөнгөн маяна, премия жана башка чыгымдарды мамлекетке эч ким кайтарган жок» — деди Дастан Бекешов.

Депутат Дамирбек Асылбек уулу дагы мандатынан айрылып, бирок эч кандай жоопкерчилик тартбастыгын белгиледи.

«Мындай болсо эртең мамлекет башчылыгына дагы башка өлкөнүн жаранын шайлап алышыбыз мүмкүн» — деген депутат Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан Кыргызстандын саясатчылары жана аткаминерлеринин жарандыгы тууралуу маалымат алууну сунуштады.

Эскерте кетсек, 15-февралда Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек  уулунун коңшу өлкөнүн жараны экендиги аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар