14:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстан ВИЧке чалдыккан балдарга илдети тууралуу ачык айта баштады

Казакстан ВИЧке чалдыккан балдарга илдети тууралуу ачык айта баштады. 2017-жылы Түштүк-Казакстан облусунда 135 бала ВИЧ жуктургангынын билишти. Бул тууралуу журналисттерге «Эне жана бала» реаблитациялык борборунун башкы дарыгери Бакытжан Шакенов маалымдады.

Шакеновдун айтымында, балдарга ВИЧ-статусу тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын көмөгү менен маалымат берилет.

"Баланын макамын 11-12 жашында ачыкка чыгарган туура болот. Буга ата-энесинин уруксаты керек. 2018-жылы ВИЧ жуктурган дагы 45 баланын макамын ачыкка чыгаруу пландалууда. Биз илдети тууралуу билген балдар менен иштейбиз. Ата-энелери менен байланышта болуп, бул макам менен жашоого көнүүгө жардам беребиз"— дейт Шакенов.

Башкы дарыгердин айтымында, учурда облуста ВИЧ илдети менен 242 бала каттоодо турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби