07:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Катардын Вакф жана дин иштери боюнча министрлиги Кыргызстандык имамдардын билими

Катардын Вакф жана дин иштери боюнча министрлиги Кыргызстандык имамдардын билимин көтөрүүгө даяр. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Алардын маалыматында, муфтий Максатбек ажы Токтомушев Катардын Вакф жана дин иштери боюнча министри шейх Гаит бин Мубарак аль-Кувари менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, имамдардын билим деңгээлин көтөрүү жана алар үчүн окууларды уюштуруу, коомчулукка Ислам дининин баалуулуктарын жеткирип, жаштарды туура жолго багыттоо боюнча пикир алышты.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргызстандагы имамдарды кайра окутуу жана тажрыйба алмашуу жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Катардын Вакф жана дин иштери боюнча министрлигинин ортосундагы алакаларды жакшыртуу жаатындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар