01:05
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Суроо-жооп. Зекетти өз кызына берүүгө болбойт

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мен зекетти кызыма берсем болобу? Анткени алардын үй-бүлөсү жардамга муктаж болуп турат.

Жооп: Зекетти өзүнүн жакын туугандарына берүүгө болбойт. Ал үй-бүлөдөн тышкары адамдарга

берилиши керек. Сиз албетте кызыңызга зекет эмес, башка жол менен жардам берип, ата-энелик милдетиңизди аткарсаңыз болот.

Зекет — бул мусулмандын беш башкы милдеттеринин бири. Аны жыл ичинде бир жолу милдеттүү түрдө берүү каралган. Анын өлчөмү албетте ар бир жарандын үй-бүлөлүк кирешесине, жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Айрым хадисттерде зекет — кедей-кембагалдык үлүшү катары айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар