01:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Муфтият 2023-жылга карата зекеттин баасын бекитти

Муфтият 2023-жылга карата зекеттин баасын бекитти.

Маалыматка ылайык, ар бир мусулман пенденин байлыгы ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.

Зекетке ошол байлыктын кырктан бир бөлүгү, башкача айтканда 2.5 пайызы берилет. Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 грамм алтынга туура келет. Ал эми күмүштүн өлчөмүнө караганда 595 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон) алтындын орточо баасы 2 миң 890 сом. Ал эми 1 грамм уюутулган күмүштүн баасы 53 сом.

Жыйынтыгында, алтын баасында эсептегенде: 85 грамм алтынды (585-проба менен) 2 миң 890 сомдон эсептегенде 245 миң 650 сом болуп, анын кырктан бири 6 миң 142 сом. (АКШ доллары менен эсептегенде 2 миң 810 доллар болуп, анын кырктан бири 70,25доллар).

Күмүштүн баасы менен эсептегенде: 595грамм күмүштү (орто эсеп менен) 53сомдон эсептегенде 31 миң 535сом болуп, анын кырктан бири 789сом. (АКШ доллары менен эсептегенде 361доллар болуп, анын кырктан бири 9доллар).

Эң көп окулган жаңылыктар