17:39
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Саламаттыкты сактоо министри «Кыргыз туусу» гезитин сотко берди

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев «Кыргыз туусу» гезитин сотко берди. Доо арыз Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Соттун биринчи жыйыны 26-февралга белгиленди.

Министр гезиттен 2017-жылдын 1-декабрындагы санында медициналык мекемелердин кызматкерлеринин кайрылуусундагы айрым сөздөр анын кадыр-баркына шек келтирерин айтып, 500 миң сом талап кылат. Ал эми кайрылууга кол койгон шаардык эндокринологиялык диспансердин мурдакы директору Светлана Мамутова жана ордо кааладагы № 4 төрөткананын башкы даарыгери Бурул Алмазбекова баштаган 22 кишинин ар биринен 100 миң сом суралат. Доонун жалпы баасы 2,7 миллион сом.

Талантбек Батыралиев сотко кайрылууга аргасыз болгондугун билдирди.

«Чыдамым бүттү. Менин аброюума шек келтирген басылмаларга жооп бербесем болбойт. Ал кайрылууга кол койгондордун көпчүлүгү сөзүнөн баш тартууда» — дейт ал.

Эскерте кетсек, айрым медициналык мекемелердин жетекчилеринин арыздануусунан кийин Жогорку Кеңеш атайын комиссия түзгөн. Комиссиянын мүчөсү депутат Айсулуу Мамашева «министрди кызматтан алууга жетиштүү мыйзам бузуулар» табылганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби