13:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өкмөт менен Дүйнөлүк банк менен кызматташтыктын мерчемдерин талкуулады

Премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк банк ортосундагы 2018-2023-жылдарга кызматташтык Стратегиясын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштин натыйжалуулугу маанилүү экендигин билдирди.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, алдыда өлкө экономикасынын өнүгүүсүн камсыздоо үчүн колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл.

Анын айтымында, Кыргызстан ар кыл тармакта чоң потенциалга ээ.

«Биринчиден, бул адамдар. Калктын жан башына карай эквиваленттик кирешесине карай башка өлкөлөргө салыштырмалуу калктын билим деңгээли дээрлик жогору экендигин белгилей кетүү керек. Экинчиден, бул — энергетикалык тармактагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу гидроресурстардын запасы. Мындан тышкары, Кыргызстан өлкөдөгү туризмдин динамикалуу өнүгүүсү үчүн негиз катары саналган мыкты жаратылышка ээ», — деди Лилия Бурунчук.

Ошондой эле ал атамекендик айыл чарбанын кенен мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Дүйнөлүк банктын аймактык директору билдиргендей, өткөрүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы Кытай сыяктуу жакынкы ири керектөө рыногунун суроо-талабына дал келет.

Лилия Бурунчуктун айтымында, мунун бардыгы өлкө экономикасын динамикалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби