10:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Ала-Арча» коругунда аскадан кулап кеткен экинчи альпинисттин сөөгү табылды

«Ала-Арча» коругундагы «Свободная Корея» аскасында кулап кеткен экинчи альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Эскерте кетсек, 15-февраль күнү Ала-Арча коругундагы «Свободная Корея» аскасынан Литванын жарандары Сайкаускас Салиюс жана Кейскас Крупский Алис кулап кеткен. 17-февраль күнү биринчи альпинист Рацек альпинисттер үйүнөн учак менен алынып келинди. Анын оң бутунан жабыркап, абалы туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар