USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Өзбекстан Баткен облусуна эки тез жардам унаасын белек кылды

14:48, 15 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Фергана облусу Баткенге эки тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу облустук администрация билдирет.

Алардын маалыматында, унаалар бүгүн Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун чектешкен аймагындагы Өзбекстандын Вадил чек ара өткөрмө бекети менен Кыргызстандын Кадамжай автоунаа көзөмөлдөп өткөрүү бекетинин жанында салтанаттуу тапшырылды.

Облустун жетекчиси Абиш Халмурзаев сый урматы үчүн өзбек элине ыраазычылык билдирди.

Тез жардам унааларынын бири Баткен шаарын калкын тейлөө үчүн берилсе, экинчиси Кадамжай районунун Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер практикалык борборуна берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18