USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Белгилүү коомдук ишмер Дооронбей Садырбаев жөнүндө китептин бет ачары болот

10:15, 13 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Белгилүү коомдук ишмер, саясатчы Дооронбек Садырбаев жөнүндөгү «Даанышман» деп аталган беш томдук китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу уюштуруу тобу маалымдайт.

Иш чара Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт. «Даанышман» аттуу беш томдук китеп Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан чыгарылган.

Айтылуу кинорежиссёр, акын жана прозачы, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. «Кайран эл» саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика