06:14
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте 2002-жылы саясый ачкачылыкта каза болгон Шералы Назаркулов эскерилди

Бишкекте 2002-жылы саясый ачкачылыкта каза болгон Шералы Назаркулов эскерилди. Аны эскерүүгө укук коргоочулар жана жакындары жолугушту.

Мурдакы Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Шерали Назаркуловду эскерүү 16 жылдан бери жыл сайын өтүп турат.

«Шералы мекен үчүн каза болгон. Ал бир нече мамлекеттик наамга татыды. Азыр анын атындагы музей жана фонд бар», — дейт Турсунбек Акун.

Эскерте кетсек, Шералы Назаркулов 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы ачкачылыкка катышып каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар