17:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шаардык сотто Аида Саляновага акыркы сөз берилген жок

Бишкек шаардык сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага өкүм чыгат.

Сот Ирина Воронцова айыпталуучуга акыркы сөз бербей, чечим чыгаруу үчүн тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, Ленин райондук соту Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок, жаза өтөө мөөнөтү наристеси 14 жашка чыккандан кийин 12 жылга жылдырылган.

Аида Салянова Юстиция министрлиги кезинде жактоочу Алексей Елисеевдин күбөлүгүн мыйзамсыз узартып берген деп айыпталат.

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума