13:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен бошотулду

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Кызматтан бошотуу себеби көрсөтүлбөйт.

Белгилей кетсек, Мамлекеттин каттоо кызматынын паспорттун кагаздарын сатып алуу үчүн жарыялаган тендеринин жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде үч жетекчи камакка алынды.

Алина Шаикованын ордуна Алмаз Мамбетов дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар