09:01
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Бишкекте Аскердик лицейдин окуучулары менен жергиликтүү өспүрүмдөр мушташты

Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин окуучулары менен «Жал» кичирайонундагы № 72 мектептин окуучуларынын мушташы текшерилет. Ага Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет, № 72 мектептин жана ИИМдин өкүлдөрү тартылат.

Мушташ 4-февралда болгон. Аскердик лицейдин маалыматында, аны убагында токтотуп калышкандыктан жабыркагандар жок.

Иликтөө иштери мындай кагылышуулардын алдын-алуу жана келишпестиктин себебин аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар