USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Өзбекстан менен автобус каттамын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

08:55, 31 января 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан менен автобус каттамын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

Анын айтуусунда азыр Ош-Кокон, Ош-Фергана, Ош-Анжиян, Жалал-Абад, Кызыл-Кыяга автобустардын байланышын калыбына келтирүү маселеси 25-декабрда кыргыз делегациясынын Ташкенттеги сапарында талкууланды.

Темирбаев келерки жылы жазга жуук Ташкент-Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы ачыла турганын кошумчалады.

«Макулдашууга ылайык жумасына бир жолу Ташкент-Балыкчы багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезди каттай баштайт», — деди ал.

23-декабрдан тартып «Air Manas» компаниясы жумасына эки жолу Бишкек-Ташкент багыты боюнча учак жибере баштады. Ошондой эле бул күнү Ош-Ташкент багыты боюнча учак каттай башталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18