21:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутат «Бишкек жылуулук электр борборунда» кытай жарандары иштегенине таң калды

«Бишкек жылуулук электр борборунда» башкы диспечердик пульту кытай жарандары башкарат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комитетинин көчмө жыйыны учурунда белгилүү болду.

ЖЭБтин модернизацияланган бөлүгүн кытайлык кызматкерлер иштетишет.

«Борбор — стратегиялык жай болуп эсептелгендиктен, анда кытай жарандарынын иштеги канчалык мыйзамдуу? Шаардыктардын жылуулуксуз калышы бул атайын диверсия болуп жүрбөсүн?» — деп депутат Элвира Сурабалдиева суроо узатты.

Жыйында УКМКнын өкүлү бул жагдай текшерилерин билдирди.

Эскерте кетсек, ЖЭБ быйыл жайында Кытайдан алган 380 миллион доллар насыяга жаңыланган. 26-январда борбордо кырсык болуп, Бишкек толугу менен жылуулуксуз калды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума