10:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Даарыгерлер эс алууда балдар менен эл топтолгон жайларга барбоону сунуштайт

Январь айында сасык тумоо менен ооругандардын саны 19 пайызга өстү. Саламаттык сактоо министрлиги Талантбек Батыралиев ата-энелерден эс алууга таркаган балдары менен соода түйүндөрү жана башка эл топтолгон жерлерге барбоону суранат. Бул тууралуу министр күзгө-кышка даярдык боюнча республикалык штабдын кечээ күнкү жыйынында айтты.

Министрдин билдирүүсүндө, ызгаарга байланыштуу, үшүккө алдырып ооруканага кайрылгандардын санынын өсүшү күтүлөт. Андан тышкары, сасык тумоо дагы күч алышы мүмкүн.

«Былтыры дагы кышкы эс алууда мектепке барбайт. Сасык тумоо күч албайт деп ойлогонбуз. Бирок, ата-энелер соода түйүндөрүнө жана башка жерлерге барып, балдарын оорутуп алышты. Андыктан быйыл ызгаарга байланыштуу дагы үйдө олтуруп турат деп үмүттөнөбүз» — дейт министр.

Эскерте кетсек, кышкы ызгаарга байланыштуу мектептер 31-январга чейин эс алууга чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума