01:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абад жетекчилери WhatsApp менен иштөөнү үйрөнүштү

Жалал-Абад облусунун айыл өкмөттөрү WhatsApp менен иштөөгө үйрөнүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта областтагы сегиз айыл өкмөтүнүн башчыларына эл менен карым-катнашты, тыгыз иш алып барууну жолго коюу боюнча окуу өттү. Анда эл менен кайтарым байланыш жүргүзүү максатында WhatsApp мобилдик механизмин кенен жайылтуу зарылдыгы айтылды. Бул мобилдик тиркемиенин артыкчылары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. 

«Негизинен өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө жергиликтүү бийлик эл менен иш алып баруунун пайдалуу механизмдерин иштеп чыгуусу керек. Буга чейин Кыргызстанда биринчи жолу Ысык-Көл областынын Ак-Суу айылында ишке ашырылып, айыл өкмөтүнүн калк менен биргеликте иш алып баруусуна чоң жардамы тийди. Сунушталып жаткан WhatsApp номерлерин айыл өкмөттөрдө ишке киргизүү айыл тургундарына айылда жаралган бир катар маселелер тууралуу бийликтерге ыкчам билдирүүсүнө жана пайда болгон көйгөйдү тез арада чечүүгө мүмкүндүк берип, жашоочулар тарабынан пайда болгон суроолорго айыл өкмөт тарабынанда ыкчам жооп алышына шарт түзөт»- деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар