Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылыкка бөлүнгөн орундардын санын көбөйттү. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.
Мусулмандар дин башкармалыгы зыяратка 5400 кишини жөнөтүүгө даярданууда. 2017-жылы Кыргызстан үчүн 4585 орун берилген. Ажылыкка жаңы биометриялык паспорт менен каттоо жүргүзүлөт.