08:10
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкектеги ыска каршы күрөш. Экологияны булгаган ууналарга айып салынат

Экологияны булгаган ууналарга айыппул салынат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Инспекция Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо агенттиги менен бирге Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү унааларды текшерүүдө. Абага зыяны ченемден ашкан транспорт ээсине миң сомдон айыппул салынат. Айдоочулап акчаны банк аркылуу төлөшөт.

«Бизде унаанын абага зыянын өлчөгүч бар. Ал алган анализ лабораторияда текшерилип, жыйынтыгында чара көрүлөт», — дейт инспекция.

Айдоочуларга жаздан баштап чара көрүлүп баштайт.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы ыс коомчулуктун тынчын алууда. Бул маселе парламентте, өкмөттө дагы көтөрүлдү. Кээ бир маалыматтарга караганда, быйыл «Бишкек жылуулук» станциясынын мору кыскарып, абаны көп булгоодо. Өкмөт болсо, жер үйдө жашап, көмүр жаккандар менен автотранспорт ээлерин айыптады.

Эң көп окулган жаңылыктар