13:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Муфтийге өзүнүн ислам боюнча наасаты менен «Манас» жазылган жыйнак тартууланды

Муфтий Максат ажы Токтомушевге өзүнүн насааттары менен «Манас» эпосу жазылган жыйнакты тартууланды. Аны «Мелодия» фирмасынын директору Андрей Кричевский Бишкекке сапары учурунда муфтийге берди.

Дискке жазыылган жыйнакта Саякбай Каралаевдин 1941-жылы жазылган үнү кайра даярдалып жазылды. Андрей Кричевскийдин айтымында, «Манас» эпосунан үзүндүлөр Уулу Ата-Мекендик согуш учурунда жоокерлерди эрдикке түртүү үчүн угузулган.

Жыйнактын экинчи дискинде Максат ажы Токтомушевдин өзүнүн насааттары топтолду. Андрей Кричевский эпос менен муфтийдин насааттары бекерден чогуу чыгарылбагынан айтты.

«Бул экөө биргеликте кыргыздын рухун көрсөтөт. «Манас» улуттук өзгөчөлүгүн ачса, ислам улуттук руханий дүйнөсүн көрсөтөт. Кыргыздар исламды өзгөчө кабыл алышат» — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби