15:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин депутатынын эки аңчылык мылтыгы изделүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун эки аңчылык мылтыгы изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Депутаттын куралы Ноокат районунун Жал айылындагы үйүндө сакталчу экен. Уурулар үйдүн кулпун бузуп кирип, куралдарды алып кетишкен.

Депутаттын билдирүүсүндө, анда куралдарга уруксат кагазы бар.

Облустук милиция иш козгоп, издөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар