10:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Суроо-жооп. 18 жашар кызымдын жоолугун кантип чечтирсем болот?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Чет өлкөгө акча иштеп келгени кеткенмин. Көп убакыт жок болдум. Келсем 18 жаштагы кызым баашын чүмкөнүп, жоолук салыптыр. Өзү менен өзү. Кечке телефон кармап, эч кимди жанына жолотпойт. Жашоодо кандай кызыктар бар. Кызым али жаш. Курдаштары менен киного барып, билим алып, дүйнө көрүп, өссө экен дейм. Кантип кызымды кайра кадимкидей жашоого кайтара алам?

Жооп: Ата-энелер көбүнчө акчадан, материалдык жактан камсыздоодон дагы бала менен байланышы жогору туурарына көңүл бөлүшпөйт. Акча эч качан ата-эне мээримин толтура албайт. Андыктан, кызыңызды жоолук кокус эле салып калган жок. Аны буга түрткөн бир нече жагдайлар болду. Балким ал өзүн жалгыз сезип, динди өзүнө коргоо жана тынчтануу катары кабыл алгандыр.

Эми сиз анын сизге жат көрүнүп жаткан дүйнөсүнө басып кире албайсыз. Кызыңызды өзүңүздөн алыстатып алышыңыз мүмкүн. Андан көрө кызыңызга жакын болуп, анын дүйнөсүн кызыгуусун билүүгө аракеттеңиз.

Ислам билим алууга, интеллектуалдык жактан өнүгүүгө бөгөт койбойт. Динди туура түшүнүп, кызыңызга дагы оң багыт бергенге аракет кылыңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар