17:44
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Диний билим берүү. Сабаттуулуктан караңгылыкка, концепциядан жобого

Кыргызстанда диний билим берүү, айрыкча ислам жаатындагы чар-жайыт окутуу акыры барып чегине жетти. Медреселерде кароосуз калган, зомбулукка кабылган жашы жете элек жеткинчектер тууралуу ЖМК байма-бай пайда болгон маалыматтардан сырткары диний окуу жайды бүтүп, кесипсиз жана светтик билими тайкы бойдон калган жаштар жоон тобу түзүлдү. Алар коомдон обочолонгон топту гана эмес, ар кандай радикалдуу агымдардын куралына айлануу коркунучун да жаратат. Мындан улам, коомдук уюмдар диний билим жаатын иретке салуу талабын айтып келишет. Ал эми мамлекет концепция, мыйзам, эми жобо кабыл алуу менен убара.

Имам Сарахсий түптөгөн Кыргызстандагы диний билим берүү чыйыры

Кыргызстандын аймагында диний билим берүүнүн жана диний сабатуулуктун тарыхы Орто Азиянын дин тарыхы менен тыгыз байланышта өнүгөт. Диний сабаттуулуктун жогорку деңгээли аалым Имам Сарахсий жана Сражидин Аль-Оший сымал илимпоздордун дооруна туш келет.

Борбордук Азиянын билим борборлору Бухара, Самарканд, Фергана менен бирге байыркы Ош шаарында дагы жайгашкан.

Кыргызстанда диний сабаттуулук алгач эле Ханафий мазхабдын негизинде түптөлгөн.

Диний билим берүүдөгү чоң өзгөрүү Орус падышалыгынын жана совет мезгилинде болуп өткөн. Орус Падышалыгынын доорунда Казан жана Уфа шаарларында диний билим берүү жана диний басылмалар күч алган. Кыргызстан аймагында 1836-1860-жылдар аралыгында Ошто Мухаммед, Акжол, Халмырзабек, Алымбек даткалар өз каражаттарына медреселерди салдырышкан.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин айтымында, Кыргызстанда орус революциясына чейин эле мектептер, медреселер болгонун, кыргыз эли XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында реформаланып, светтик билимдер киргизилген жадид усул медреселеринде кыргыз интеллигенциясы билим алган.

Диний сабаттуулукпу, же караңгылык?

Кыргызстанда калктын 80 пайызы мусулман болгондуктан, эл ичинде исламдык билим алууга жана Куран жаттоого кызыгуу күч.

Ал эми Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин, 1991-жылы кабыл алынган «КРда диний ишенимдин жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө» мыйзам бардык диндердин, биринчи кезекте исламдын жанданышына кеңири жол ачты. Анын жыйынтыгында бүгүн өлкөнүн аймагында расмий маалымат боюнча 112 диний окуу жай бар.

Бирок, бул жаатта бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн Булан институтунун 2017-жылы чыккан баяндамасында, диний окуу жайлардын саны расмий маалыматтан бир топко көп экени айтылат. Айрыкча, мечиттерде өз алдынча ачылып алып уруксатсыз иштеп аткан медреселердин саны басымдуулугу белгиленет.

Булан институту медреседе окуган балдардын саны расмий маалыматта көрсөтүлгөн 6 миңден бир кыйла көптүгүн кабарлайт.

Айтмакчы, ислам багытындагы билим берүү мекемелеринен бир гана Ислам университети мамлекеттик күбөлүккө ээ. Калгандарынын мыйзам алдында балдарды окутууга укугу жок.

Медреселердин шарты демөөрчүлөрдөн топтолгон акчага жараша. Кыргызстанда айрым медреселер Баш мыйзамды жана Билим берүү жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуп, медреселерге 9-классты бүтө элек өспүрүмдөрдү жана 7-8 жаштагы жеткинчектерди кабыл алган учурлар бар.

Дагы бир олуттуу маселе, диний окуу жайды аяктаган улан-кыздар көп учурда жумуш таппай, же андан ары окуусун уланта албайт. Себеби диний окуу жайлардын мамлекеттик лицензиясы жок болгондуктан диплом да бере алышпайт.

Медресени аяктады деген күбөлүктү мамлекет тааныбайт. Жада калса ал баланын мектепти бүттү деген аттестаты да жок болгондуктан окуусун уланта албай калууда.

Дагы бир аракет. Өкмөт аткарылбаган концепцияны жобо менен ишке киргизмекчи

Биринчи жолу 2014-2020-жылга чейин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынды. Бирок ал иш жүзүнө толук ишке ашпай жаткандыктан улам кыргыз өкмөтү диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартибин камтыган атайын жобо иштеп чыкты. Жобо 14 бөлүмдөн тур турганын Дин иштери боюнча мамлекеттик комисиясынын өкүлү Гүлназ Исаева Булан институту өткөргөн «Диний билим: реформалоо максаттары жана аткарылышы» конференциясында билдирди. Анын айтымында, Жобого ылайык диний окуу жайды диний уюм түзө алат. Дин иштери боюнча комиссиядан каттоодон өткөндөн кийин атайын күбөлүк берилет. Андан кийин ишин жүргүзүүгө уруксат алат. Диний окуу жайлар төмөндөгүдөй топторго бөлүндү: Орто диний окуу жай, Жогорку диний окуу жай, атайын диний курстар. Орто диний окуу жайларда 9-классты бүтүп келген балдар окуй алышат. Жогорку диний окуу жайлар 11-классты бүтүп келгендер окуй алышат.

Жобого ылайык диний окуу жайлардын атайын окуу программасы болушу керек. Орто диний окуу жайларга: Кыргызстандын тарыхы, Адам жана коом, Диндердин тарыхы, Кыргыз тили жана Кыргыз Адабияты деген сабактар сунушталды. Ал эми жогорку окуу жайларга: Кыргызстан тарыхы, Жаран тануу, Дин тануу, Кыргыз тили, Орус тили, Чет тили, Психология жана педагогика, Дүйнө тарыхы, Маалыматтык технологиялар деген сабактар киргизилиши шарт.

Андан тышкары, окутуучусу, программасы, имараты, техникалык базасы болуш керек. Ал эми бир жылдан ашпаган кыска мөөнөттөгү диний курстарда окуу программасы, окутуучусу жана окуу куралы болушу шарт.

Эң көп окулган жаңылыктар