09:58
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Депутаттар араб мультфильмдери менен кыргыз тилин үйрөтүүгө каршы чыкты

Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Сауд Арабиясынан 10 мультфильм сатып алып, ал аркылуу балдарды кыргыз тилине үйрөтмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйынында комиссиянын төрагасынын орун басары Медер Аким уулу билдирди.

Анын айтымында, Сауд Арабия алардын суранычы менен мультфильмдерди бекер берди. Анын үчөөн которууга 1,5 миллион сом сарпталды.

«Ар бир мультифильм 150-160 сериядан турат. Биринде мисалы компьютер жөнүндө айтып берилет» — дейт Медер Аким уулу.

Депутат Зарылбек Рысалиев бул мультфильмдердин тарбиялык жагына тынсызданды.

«Араб мультфильмдери эмне тарбия берет? Алардын максаты кандай? Менимче, бул жакшы демилге эмес» — деди ал. Башка депутаттар дагы балдар угуп гана эмес, көрүп, сүрөт жана кийген кийимдери аркылуу дагы тарбия аларын, мультфильмдерди балдарга көрсөтүүдөн мурда дагы бир жолу карап чыгууну сунушташты.

Депутат Руслан Казакбаев, баардык эле өлкөлөр мурда тартылган мультимейдиялык продукцияларын бекер берүүгө даярдыгын маалымдады.

Тил комиссиясына мультфильмдерди тартууга бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар