18:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөттө адистик муктаждык. Депутат кадрлардын маалымат базасын түзүүнү сунуштайт

Кадрдык муктаждыкты жоюу үчүн депутат маалыматтык база түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Руслан Казакбаев бүгүнкү жыйында маалымдады.

Ал акыркы үч айда 3 вице-премьер-министр алмашып,өкмөттөгү жогорку орундарга дагы татыктуу адистер табылбай жатканына токтолду.

«Бизде кадрлардын туруктуулугу болбой калды. 13 жылда Экономика министрлигинде 12 министр, 24 жылда Маммүлкфонд жетекчиси, 8 жылда Өнөр жай жана энергетика министрлигинде 8 министр, акыркы 3 айда Улуттук банкта 3 жетекчи алмашты. Ушу тапта көптөгөн мыкты кадрлар жумушсуз жүрөт. Өкмөт кардар маселеси жаатында дыкат талдоо жүргүзүп, кадрлардын маалымат базасын түзүүгө тийиш. Ал эми жанагы Мамлекеттик кадрлардын резервин түзүү идеясы жакшы, бирок эч качан аткарылбай турган нерсе», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар