USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Өлкөнүн аба майдандары TAV Airports Holding түрк компаниясына берилиши мүмкүн

Татьяна КУДРЯВЦЕВА
13:52, 01 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Өлкөнүн аба майдандары TAV Airports Holding түрк компаниясына берилиши мүмкүн. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын белгилүү болду.

Депутат Зарылбек Рысалиевдин айтымында, түрк ишканасы Кыргызстанда жаңы аба майдандардын курулушун колго алмакчы. Андан тышкары, TAV Airports Holding ишканасы «Манас» жана «Ош» аба майдандарын жакшыртуу иштерине дагы катышмакчы. Бул боюнча премьер-министр Сапар Исаков менен компаниянын жетекчиси Мустафы Сенерадын жолугушуусунда талкууланды.

«Аба майдандарды жеке ишкананын колуна өткөрүп берсек улуттук коопсуздугубуз эмне болот? Бизди газга Россияга, жолго Казакстанга көз-каранды болсок. Эми аба майданды берсек, Кумтөрдөй болбойбу?» — дейт депутат.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Зарылбек Рысалиев азырынча аба майдандар берилбегенин, бул маселе Жогорку Кеңеш менен чогуу чечилерин айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика