05:28
USD 84.78
EUR 99.84
RUB 1.17

Бишкек милициясы кечээ ала качып кеткен кызды да, уунаны да тапкан жок

Бишкек милициясы кечээ ала качып кеткен кызды да, уунаны да тапкан жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, ак түстөгү В7592 номурлуу «Степвагондун» кожоюну жана анын дареги гана ырасталды. Бирок, үйүндө эч ким жок болуп чыкты.

«Шаардан сыртка чыгып кетсе керек. Издеп жатабыз», — деп маалымдашты ИИБсынан.

Азырынча кыздын тагдыры дагы белгисиз.

Эскерте кетсек, кечээ 7-кичирайондо бир нече бала жаш кызды машина зордоп салып кеткенин күбөлөр милицияга маалымдашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар