Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайдан качкандардын төртөө тең кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирет.
Кечээ төртүнчүсү — Кайрат Жанботоев Чүй облусунун Москва районунун аймагында кармалды.
Буга чейин, Багтият Ачылдурдиев, Рамил Базаркулов менен Бакыт Дилдешев кармалган. Алар № 1 тергөө абагына киргизилди.
Эскерте кетсек, 27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан кылмышка шектүү төрт жаран качып кеткен.