19:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстан кыргыз товарларынын ордуна Россия жана Белоруссиядан сатып алууда

Казакстандагы кыргыз товарларынын ордун Россия жана Белоруссиянын ишкерлери басууда. Бул тууралуу Астана менен Бишкектин ортосундагы видео конференцияда казакстандык эксперт Таисия Мармонтова билдирди.

Анын айтымында, акыркы айда Белоруссия менен Россиядан келген товарлардын көлөмү 10-20-пайызга өстү. Бирок, баасы кымбаттыраак болууда. 

«Минсктен алып келгенге караганда Бишкектен алып келген арзан. Экономикалык кризис учурунда 200 тенге дагы маанилүү. ЕЭАБ жөнүндө айта турган болсок маселелерибиз окшош эле. Негизинен уюм өнүгүп жатат. Мыйзамдык келишпестиктер пайда болгон жерде эмоция алдынкы орунга чыгып кетти. Андыктан, биздин көйгөйдү уюмдун алкагында чечиш керек деп ойлойм», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу ууналардын узун тыгыны жаралды. Казакстан текшерүүнү күчөтүп, унааларды жай өткөрүүдө. Андан тышкары, «Ак-Жол» чек ара бекетинен ары Кордай тарапка Казакстан кошумча блокпост орнотту.

Эң көп окулган жаңылыктар