00:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сокулук милициясынын жетекчиси алмашып, бир нече кызматкери иштен алынды

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери — Ж.М. жана Б.Ш. иштен алынды. Жетекчиси Б. Дүйшеев жана анын эки орун басары жана дагы төрт кызматкери ордунан бошотулду.

Д. Дүйшеевдин ордуна Азамат Ногойбаев дайындалды.

Эскерте кетсек, 27-ноябрь түнү Сокулук райондук милициянын убактылуу кармоочу жайынан кылмышка шектүү төрт жаран качып кеткен. Ал күнү күзөттө турган 9 кызматке суралып, Чүй облустук прокуратурасы Кылмыш кодексинин 304- беренеси («Кызматына кыянаттык») жана 316-беренеси («шалакылык») иш козгогон.

Качкандардын экөө кармалды. Экөө издөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар