17:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыкта төрт киши мерт болду

Нарын облусунун Кочкор районунда жеңил автоууна сууга түшүп кетип, ичиндеги төрт киши набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, 26-ноябры күнү аталган жолдун 180-чакырымында «Кубакы» ашуусунда көпүрөдөн «Тайота Карина» үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 62 08Y автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, сууга түшүп кеткен. Унаадагы жүргүнчүлөр Нарын шаарынын Ак-Өргө көчөсүнүн № 35 үйнүн тургундары:

1. Айдоочу- Ж. М.1964-ж.т.;

2. Аялы -Т. Д. 1969-ж.т;

3. Кызы -М.К. 1990-ж.т;

4. Небереси-Т.К. 2017-ж.т.

Эң көп окулган жаңылыктар